<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><title>Кечээ эле мойтоңдогон секелек РЫЖ366</title>
<lyrics>[V1]
.H           E          F#
 Кечээ эле мойтоңдогон секелек,
.H            F#           H
 Кызым элең али бойго жете элек.
.        E       H     F#   H
 Ак жоолугуң ак жүзүңө жарашып,
.     H                  F#   H
 Эми минтип кайниң турат жеңелеп.

[V2]
 Кечээ эле ойноок элең баладай,
 Үй түйшүгүн көтөргөнгө жарабай.
 Эми минтип жубай болдуң, каралдым,
 Кайрымдуу бол кайын-журтка каралай.

[V3]
 Күйөө балам чоочун эмес, өз балам,
 Үй башысың, акылдуу бол, садагам.
 Теңир берсин жолуңарга батасын,
 Өзү колдоп жетектесин Жараткан.</lyrics>
<hymn_number>366</hymn_number>
<key>B</key>
</song>